Улуттук банк: “Теңге курсунун төмөндөшүнөн Кыргызстандагы ундун баасы кымбаттабайт”

Бүгүн, 12-февралдагы маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын жетекчисинин орун басары Абдыбалы- тегин Сүйөркул: “Теңге курсунун төмөндөшүнөн Кыргызстандагы ундун баасы өзгөрүшү мүмкүн эмес. Биз товарга доллар менен төлөйбүз. Теңгенин төмөндөшүнөн ун арзандашы ыктымал”,- деп билдирди. Анын айтымында, рыноктогу кырдаалды Улуттук банк көзөмөлдөй алат.
Эске салсак, 11-февралдан тартып казак банкы теңгенин курсун көзөмөлдөө практикасынан баш тартты. Буга байланыштуу Казакстанда теңгенин курсу кескин түшө баштап, 1 АКШ доллары 200 теңгеден сатылууда. Бул көрүнүш Бишкектин акча алмаштыруу түйүндөрүнө да өз таасирин тийгизип, бардык акча алмаштыруу түйүндөрүндө казак теңгесин сатып алуудан баш тартышууда, ал эми сатуунун баасы мурдагыдай эле кармалып турат. Ошондой эле АКШ долларынын сатуу баасы 52 сомго чукулдап, евронуку 71 сомго жетти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан