Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутаттар мектептерде заманбап ыкма менен билим берүүгө өтүү сунушталууда. Айта кетсек, жыйында билим берүү тармагын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк бөлүп бере турган 16,5 миллион доллар боюнча маселе каралууда. Депутат Дастан Бекешев "бул акча натыйжалуу пайдаланылбайт" деген оюн айтты.
“Андан көрө мектептерди компьютерлештирүү керек. Окуучуларды планшет менен окутууга өткөрүүгө убакыт келди”,- деди Бекешев.
Турсунбай Бакир уулу да ушул демилгени колдоп: “Грузияга барганда окуучуларын көрүп сугум артты. Баары кызыгуу менен билим алышууда, биз да ушуга өтүшүбүз керек”,- деди.