Депутаттар министр Канат Садыковду кыргыз тили боюнча сындашты

Парламентте бүгүн, 12-февралда “Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Талкууда депутаттар макулдашуудагы каталар боюнча билим берүү жана илим министри Канат Садыковду сындашты. Курмантай Абдиев: “Макулдашууда "финансылоо, грант, кредит, резервдөө" деген сөздөр жүрөт. Башкалар ушундай макулдашуу алып келсе, балким, унчукпай коймокмун. Билим берүү министри, сиз ушинтип жатсаңыз, калгандарынан эмнени күтөбүз?”- деди.

Депутат бул макулдашууну 2-3-окууда эмес, 2-окууда гана колдоону сунуштады. 3-окууда аталган каталар оңдолмокчу. Макулдашуу 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан