Эркин Алымбековдун ордуна Уланбек Нуркулов депутат болуп бекитилди

“Ата Мекен” фракциясынын экс-депутаты Эркин Алымбековдун ордуна Уланбек Нуркулов Жогорку Кеңештин депутаты болуп бекитилди. Мындай чечим бүгүн, 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.  

7-февралда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркин Алымбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, 8-февралда БШК арызды канааттандырган.

Эскерте кетсек, парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштап жаткан меморандум кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербейт. Бул меморандум Жогорку Кеңештен колдоо таап кетсе, мен депутаттыктан кетем" деген эле. Эртеси меморандум колдоо тапты. Буга чейин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү мүмкүн эмес экенин, эгер 67 пайызга жеткирем деген бирөө чыкса, ордун бошотуп бере турганын айтып келген. Парламент жыйынында депутат Алымбеков: "Мен үлүштү 67 пайызга жеткирем. Мага премьерликтин кереги жок, вице-премьерлик статус бергиле, 1 жылда үлүштү 67 пайыз кылам, анте албасам мени камасын",- деген.

Бул ортодо "Республика" фракциясы да азыркы өкмөт кетсе, үлүштү 67 пайыз кылууга мүмкүн экенин жарыялады. Бирок Сатыбалдиев "67 пайыз кыла алам деген адам чыкса, ордумду бошотуп берем" деген сөзүнө турган жок.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан