Абдыбалытегин Сүйөркул: "Теңгенин төмөндөшү өңдүү өзгөрүштөр экономикабызга оор сокку болушу мүмкүн"

Бүгүн, 12-февралдагы маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын жетекчисинин орун басары Абдыбалы- тегин Сүйөркул: “Кыргыз сому бир учурда кескин төмөндөп кетпейт. Казакстандыктардын мындай кадамга барганы түшүнүксүз бойдон калууда. Биз импорт кылган өлкө катары бул өзгөрүштөр экономикабызга оор сокку болушу мүмкүн. Анткени биздин жана Казакстан менен Орусиянын экономикасында чоң айырмачылык бар. Бизде жалпы бизнестин 70 пайызын чакан жана орто ишкердик түзөт. Алар жогорудагы шартка көнүшү керек болот. Биздин банктар дүрбөлөңгө алдырбашы керек”,- деп билдирди.

Эске салсак, 11-февралдан тартып казак банкы теңгенин курсун көзөмөлдөө практикасынан баш тартты. Буга байланыштуу Казакстанда теңгенин курсу кескин түшө баштап, 1 АКШ доллары 200 теңгеден сатылууда. 

Бул көрүнүш Бишкектин акча алмаштыруу түйүндөрүнө да өз таасирин тийгизип, бардык акча алмаштыруу түйүндөрүндө казак теңгесин сатып алуудан баш тартышууда, ал эми сатуунун баасы мурдагыдай эле кармалып турат. 

Ошондой эле АКШ долларынын сатуу баасы 52 сомго чукулдап, евронуку 71 сомго жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан