Алматы шаарындагы Казакстан улуттук банкынын алдында митинг болуп өттү. Митингге чыккандар банктын жетекчиси Кайрат Келимбетовдун отставкага кетишин талап кылышууда.
Чогулгандардын саны 40-50 чамасында. Көпчүлүгү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү. Алар теңгени девальвация кылуу (курсун көзөмөлгө алуудан баш тартуу) чечимине нааразы.
Алардын айтымында, азык-түлүккө болгон баа кымбаттаган. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары бүгүн, 12-февралда жазып чыгышты.
Эске салсак, 11-февралдан тартып казак банкы теңгенин курсун көзөмөлдөө практикасынан баш тартты. Буга байланыштуу Казакстанда теңгенин курсу кескин түшө баштап, 1 АКШ доллары 200 теңгеден сатылууда.
Бул көрүнүш Бишкектин акча алмаштыруу түйүндөрүнө да өз таасирин тийгизип, бардык акча алмаштыруу түйүндөрүндө казак теңгесин сатып алуудан баш тартышууда, ал эми сатуунун баасы мурдагыдай эле кармалып турат.
Ошондой эле АКШ долларынын сатуу баасы 52 сомго чукулдап, евронуку 71 сомго жетти.