Жогорку Кеңеш Боом капчыгайындагы окуяда каза болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө 100 миң сом берди

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров менен Кенжебек Бокоев Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына барышты. Алар 9-февралда Боом капчыгайында болгон окуяда кылмышкерлердин огунан каза болгон милиция кызматкери Бакыт Абдраевдин ата-энесине көңүл айтып, куран окутушту. Тайманбас, эр жүрөк уулду тарбиялаган Бообек Абдраевге (маркумдун атасы) ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 100 миң сом тапшырышты.

Жергиликтүү тургундар бийлик тараптан милиция кызматкерлерине тиешелүү жакшы көңүл бурулбай жатканын айтышты. Бакыт Абдраевдин артында калган 3 кызына, кош бойлуу аялына Балыкчы шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир бөлүп берүүнү, окуяга катышкан милиция кызматкерлерин мамлекеттик жогорку сыйлыктарга көрсөтүүнү суранышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан