Жалал-Абад. Электр энергиясына күч келтирбөө үчүн 26 от казан тынымсыз иштөөдө

Жалал-Абад облусундагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына таандык 26 от казан жылуулук берүүдө туруктуу иштөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр энергиясына күч келбеш үчүн Жалал-Абад шаарында коммуналдык от казандар аркылуу жылуулук менен камсыздоого 2 көп кабаттуу турак жайдын 32 батири, Таш-Көмүр шаарынын Сыдыков көчөсүндөгү №26-үйдөгү 32 батир, Майлы-Суу шаарындагы 7 көп кабаттуу турак жайдагы 156 батир жана шаардын Тынчтык көчөсүндө жайгашкан медициналык окуу жайынын 2 жатаканасы туташтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан