Кубанычбек Идинов: "Теңгенин арзандашы - мамлекет тарабынан атайын ойлонулуп жасалган акция"

Теңгенин арзандашы - мамлекет тарабынан атайын ойлонулуп жасалган акция. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда теңге көп болуп кеткен. Ал акчаларды жок кылыш үчүн ушундай жолго барышууда. Мындай процесс бир жумага чейин созулушу мүмкүн.

“Негизи, акчанын көлөмү менен товар жүгүртүүнүн суммасы баланс болуп туруш керек. Бул жерде акча көбөйүп кеткен. Мамлекет тарабынан атайын комиссия түзүлүп, ашыкча акчалар өрттөлөт. Бул учурда майда, чакан банктар банкрот болушу мүмкүн. Бирок өндүрүшкө стимул болот. Казактар экономикасын жандантууну көздөп жатышат. Ал эми теңгенин түшүп кетишинен кыргыздар анчейин деле жабыр тартпайт. Болгону теңге менен соода кылгандар күйдү”,- деди Кубанычбек Идинов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан