Баткен районунда 2-февралдан 20-мартка чейин социалдык адилеттүүлүк боюнча бир айлык өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, интернаттарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге социалдык жактан колдоо көрсөтүү жагы айыл аймактык башчыларына, мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилди.