Депутат Ахматбек Келдибековдун операциядан кийинки абалы канааттандырарлык. Муну парламенттин 12-февралдагы жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. "Операциялар өтө кылдаттык менен жасалууга тийиш. Бул боюнча профессор Сабырбек Жумабеков өзүнө жоопкерчилик алган",- деди министр.
Эскерте кетсек, ЖКнын жыйынында айрым депутаттар “укук коргоо кызматкерлери Келдибековдун дарыланышына тоскоол болуп, аны СИЗОго алып кеткени жатышат” деп билдиришкен эле.