Динара Сагынбаева, министр: “Биз медицина кызматкерлерибиз, эч кимдин буйругуна баш ийбейбиз”

Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутаттар Ахматбек Келдибековдун ден соолугу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматын угушууда. Эл өкүлдөрү “Жакында силерге Келдибековду СИЗОго чыгаруу тууралуу буйрук келди беле?” деп суроо беришти. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева: “Эч кандай буйрук келген жок. Биз медицина кызматкерлерибиз, эч кимдин буйругуна баш ийбейбиз. Келдибековго экс-спикер же депутат катары эмес, кадимки бейтап жаран катары мамиле жасап жатабыз”,- деди.

Келдибековдун оорусу басылбай жатканынан колуна үчүнчү жолу операция жасалганы айтылды.

“Бир айда 3 жолу наркоз алуу оор. Бирок айла жок, дарылаш керек”,- деп кошумчалады министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан