Ирина Карамушкина: “Келдибековдун СИЗОго эмнеликтен түшкөнүн билебиз, ден соолугунун айынан шоу жасоонун кажети жок”

Бүгүн, 12-февралдагы парламенттин жыйынында депутат Ирина Карамушкина “Ата Журт” фракциясынын өкүлдөрүнө Келдибековдун операцияларынан шоу жасоонун кереги жок деп билдирди. Анын айтымында, бул маселени кароого убакыт коротуу кажет эмес. 

“Мен Келдибеков менен түз мамиледе болгом, ага карата эч кандай каршы пикирим жок. Ал мыкты дарыгерлердин жардамы менен жакшы дарыланып жатат деп ишенем. Анын ден соолугу жөнүндө ким кененирээк билгиси келсе, анын дарыгери менен сүйлөшүп алгыла. Мындан шоу жасоонун кереги жок. Анын СИЗОго кантип түшкөнүн баарыбыз жакшы билебиз”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан