Надира Нарматова депутат: “Ахматбек Келдибековдун укугу ушундай тебеленип жатса, карапайым адамдар жөн эле өлүп кете беришет турбайбы”

“Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго ушундай мамиле жасалып жатса, карапайым адамдар жөн эле өлүп кете беришет турбайбы”,- дейт депутат Надира Нарматова. Айтымында, Келдибековдун ооруп жатканына карабай СИЗОго алып кетүү аракетине дарыгерлерди күнөөлөөгө болбойт.

“Ооруканада кимиси болсо да дарыланып, ден соолугун калыбына келтирип алышы керек. Келдибеков күнөөлүү болсо, сакайгандан кийин жооп бере берсин. Депутаттын укугу ушундай тебеленип жатса, карапайым адамдар жөн эле өлүп кете беришет экен да. Эч кимдин телефон чалууларына, көз караштарына карабай милдетиңерди так аткаргыла”,- деди Нарматова саламаттыкты сактоо министрине.

Айта кетсек, Ахматбек Келдибековго бүгүн үчүнчү операция жасалды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан