Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык инспекциясы Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында көрктөндүрүү эрежелери жана санитардык талаптар одоно бузулгандыгын аныктады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган көп кабаттуу үйдүн №45-батиринин жашоочулары курулуш таштандыларын жана кургак тиричилик таштандыларын үйдүн айланасына ташташкан. Батир ээсинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.