Бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 18:30дан 20:30га чейин 7-кичи районунун бир бөлүгүндө, саат 20:30дан 22:30га чейин Асанбай, 11-12-кичи райондорунун бир бөлүгүндө, саат 22:30дан 00:30га чейин 5-6-кичи райондорунун бир бөлүгүндө жарык жок болот. Өчүрүүлөр жогорку чыңалуудагы “Абдыкалыков” подстанциясынын жабдууларын жогорку чыңалуудан бошотуу максатында болууда.