“Азыр эле Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук тарыхый-археологиялык “Сулайман тоо” музейинин жетекчилигинен кат келди. Анда Сулайман тоодо жайгашкан биздин телеканалдын антеннасын алгыла деп жазылыптыр”,- деп билдирди бүгүн, 12-февралда "ОшТВнын" жетекчиси Эрнис Кыязов.
Анын айтымында, музейдин жетекчилиги “келишим бүттү” деген гана жоопту айткан. Телеканалдын жетекчиси бул иштердин артында Кыязовго кысым көрсөтүү эмес, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго басым жасоо турат деп эсептейт.
Ал мындай жүйөсүн “шаардык мэрди шайлоо күнү маалыматтарды түз жеткирип жаттык” түшүндүрдү. "ОшТВ" бийликчил телеканалдардан айырмаланып, маалыматты бир жактуу эмес, эки тараптуу чагылдырып жатканын айтты.
“Бизге тагылган айыпты УКМК ОшМУнун филология факультетинин илимпоздорунун филологиялык экспертизасынын бүтүмүнүн негизинде таңууладык деп жатат. Бирок биз кызыгып көрсөк, андагы иштеген окутуучулар мындай экспертиза жүргүзүлбөгөнүн, мындай маселе боюнча эч ким кайрылбаганын айтышты. УКМК анча кыйын экен, Июнь окуясына чейин "ОшТВдан" Кадыржан Батыровдун элди, эки улутту бөлүнүп-жарылууга чакырган берүүлөрү үчүн мурдагы жетекчилигине да ушундай экспертиза дайындашпайбы?”- деп суроо салды Кыязов.
Учурда телеканал демейдегидей иштеп, тергөө иштери да жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган Эрнис Кыязов: “Өзүм баш болуп бардык кызматкерлер УКМКга сурак берип жатабыз. Бул белгилүү эле болуп турбайбы, жогору жактан буйрук болгон үчүн шылтоо менен "ОшТВны" жабууну көздөп жатышат да”,- дейт.