Өткөн кылымдарда жашап өткөн кыргыздын баатыры Шабдан Жантай уулунун (Шабдан баатыр) малакайы (топу) коомчулукка жарыяланды. Малакайды Шабдан баатыр убагында Меккеге кийип барганы айтылды. Бүгүнкү күндө бул баш кийим баатырдын урпактарында баалуу буюм катары сакталып келүүдө. “Баатыр өлгөндө келиндери ырымдап анын баш кийимин четинен кесип алышып, малакай кичирейип кеткен”,- деп билдиришти. Көпчүлүктү баатырга чай кайнатылып жүргөн эски самоор да кызыктырды. Буюмга 220 жыл болуптур.
Эскерте кетсек, 12-февралда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин “Шабдан баатыр” аттуу тарыхый романынын бет ачары болду. Жогорудагы буюмдар ушул иш-чарада көрсөтүлдү.
Шабдан Жантай уулу:
1839-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган.
Сарбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер.
1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын кол башчысы Канат шаага кошулуп, Ташкентке барган. Узун-Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкент шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен орустарга өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтөгөн. 1868-жылы орус букаралыгына өтүүгө каршы чыккан саяк уруусунун манабы Осмондун көтөрүлүшүн басууга катышкан. 1876-77-жылдары генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн. Кыргыздарды бейкүнөө өлүмдөн куткарган баатыр. 1912-жылы 6-апрелде каза болгон.