“2014-жылдын январь айында Бишкек шаары боюнча ич келте, паратиф, сарык, дифтерия, полиомиелит, кутурма, сибирь жарасы, малярия, тениоз жана башка инфекциялык оорулар менен жарандардын кайрылуусу катталган жок”,- деп билдирди Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти.
2013-жылдын январь айына салыштырмалуу вирустук гепатит, менингит, бруцеллёз, моноуклеоз, аскаридоз, энтеробиоз, гименолепидоз менен ооругандардын саны да кыскарганы айтылды.
Карлатина, котур, педикулез, эхинококкоз ооруларынын саны өскөн.