Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров баштаган депутаттар 12-февралда советтик куралдуу күчтөрдүн Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бишкектеги Улуттук филармонияда өткөн жыйында согушта курман болгондор эскерилди.
Зулпукаров Ооган согушунун катышуучуларына жана ардагерлерине мамлекет алдындагы баатырдыгы, каармандыктары үчүн ыраазычылык билдирди жана бир катар ардагерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Жогорку Кеңештин сыйлыгына төмөнкү ардагерлер ээ болушту:
Келдибек Абдылдаев – Ооган согушунун ардагерлеринин Ат-Башы райондук кеңешинин төрагасы
Айдар Дыйканбаев – Ооган согушунун ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөсү
Калдарбай Кадыров – Ооган согушунун ардагерлеринин Базар-Коргон райондук кеңешинин төрагасы
Чолпонбек Кожонов - Ооган согушунун ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөсү
Таалайбек Мамытбеков – Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук кеңешинин төрагасы
Орозбай Ражапов – Ооган согушунун ардагерлеринин Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы
Мухтар Тохтакунов – Ооган согушунун ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөсү