Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 13-апрелде өтөт

12-февралда президент Алмазбек Атамбаев “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, шайлоо 2014-жылдын 13-апрелине белгиленди.

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аталган шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон каржы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлүү;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү милдети тапшырылды”,- деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан