Бишкекте балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралар өтүүдө

Бишкекте жол кырсыгынан жыл башынан бери 34 бала жабыркаган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн жылы бул көрсөткүч 14кө барабар болгон. 

Мындан улам бардык жалпы билим берүү мектептеринде алдын алууга багытталган иш-чаралар жүрүүдө. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдындагы Жол-кайгуул кызматы мектеп жетекчилери менен биргеликте иш алып баруу максатында окуучулар арасында дил баяндар сынагын өткөрүшүүдө. 

Мындан сырткары мектептерге Куурчак театрынын артисттери келип, жол эрежелери боюнча спектакль тартуулашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан