2014-жылы Социалдык фондго 450 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт

2014-жылы Социалдык фондго 450 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Каражаттар пенсияларга кошумча каражат катары багытталат. 
Пенсияга үстөк акча берүү “Мамлекеттик пенсия жана социалдык камсыздоо жөнүндө” мыйзамына ылайык бекитилген. 
Кошумча каражат алууга согуштун ардагерлери, 1930-1950-жылдары саясий куугунтукка туш болгондор, 1-топтогу майыптар, 1986-1989-жылдары Чернобыль окуясынын катышуучулары, 80 жаштагы пенсионерлер, ардактуу донорлор, өспүрүм учурунда фашисттердин туткунуна түшкөндөр, Ленинградды блокададан бошотуу учурунда шаарда иштегендер жана Баатыр энелер ала алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан