12-февралда Ош облустук казыятынын мурунку казысы Султанали Гапуров Ош облустук казыятына таандык 10 000 (он миң) АКШ долларын жана кызматтык унааны муфтияттын иш башкармалыгына өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Муфтият 7-февралда Ош облустук казыятынын мурунку казысы Султанали Гапуровдон Ош облустук казыятына таандык акча каражаты менен кызматтык унааны үч күндүн ичинде казыятка өткөрүп берүүнү талап кылган эле.
Султан ажы Гапуров “казыятка таандык каражатты 10 миң доллар дешкени туура эмес, мен эсептешкенде 300 миң сом болчу” деп айткан эле.