Бүгүн экс-президент Роза Отунбаева иш сапары менен Ош шаарында болот
Бүгүн, 13-февралда Кыргыз Республикасынын мурунку президенти Роза Отунбаева иш сапары менен Ош шаарында болот. Алгач шаардын жаңы шайланган мэринин иши менен, андан кийин Ош мамлекеттик университетинин алдындагы "Зирек" бала бакчасы менен таанышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.