Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-февралда саат 11:30 чамасында Куткаруу кызматынын куткаруучулары батирдин бекитилген эшигин бузуп кирип, үйдүн ичинен 82 жаштагы А.П.Юркиндин өлүгүн табышты.