Депутаттар Боом капчыгайындагы окуяда каза болгон Б.Абдраевдин үй-бүлөсүнө үй берүүнү сунуштоодо

Парламенттин 13-февралдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев 9-февралдагы Боом капчыгайындагы окуяда каза тапкан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй берүүнү сунуштады. “Балыкчы шаарына барып, Бакыт Абдраевдин үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин атынан 100 миң сом бердик. Үйү жок, маркумдун үй-бүлөсү ата-энеси менен бирге турганын көрдүк. Үч баласы бар, келинчеги кош бойлуу экен. Балыкчы шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир берүү суранычы болду”,- деди депутат.

Бокоев Балыкчы шаарынын мэриясы менен сүйлөшүп, маселени чечип берүүнү суранды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан