Кыргызстанда айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

18-февралда депутаттар Дастан Бекешев менен Ширин Айтматова демилгелеген “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна, Каныбек Иманалиев, Карганбек Самаков жана башка депутаттар демилгелеген “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети уюштурууда. 

Бул мыйзам долбоорлору жол кырсыктарынын санын кыскартуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана айыптарды жогорулатууга багытталган. Парламенттик угууга депутаттар, тийиштүү органдардын жетекчилери, эксперттер жана башкалар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан