15-февралда жарандык активист Мавлян Аскарбеков SUPER.KG порталына жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймыл жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:
“Оппозицияны куруу максатында бир нече саясий күчтөр жана партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ага кирүүгө “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов, “Ата Журт” партиясынан ЖКнын экс-депутаты Камчыбек Ташиев, ТИМдин мурунку министри Аликбек Жекшенкулов, “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев жана Бегалы Наргозуев сыяктуу саясатчылар макул болушту. Биздин партиянын көз караштары жаңы түзүлгөн оппозицияныкы менен дал келгендиктен, биз да ага кошулдук",- деди Мавлян Аскарбеков.
Мындан сырткары сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ЖКнын көз карандысыз депутаты Равшан Жээнбеков жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдын төрагасы болуп шайланганын айтты.
Негизги талаптарыбыздын бири - “Кумтөр” маселесин чечүү. Үлүштү 50х50 пайыз кылуу боюнча Жогорку Кеңештин чечимине каршыбыз. Мындан тышкары криминалдык авторитет Азиз Батукаевди эркиндикке чыгарган адамдар жазаны тарта элек. Андан соң чек ара маселелери курч абалда болуп жатат”,- деди активист.
Ошондой эле оппозициялык кыймыл өзүнүн талаптарын коомчулукка жарыялоо максатында иш-чара өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады.