Токон Мамытов: “Кыргыз-тажик чек арачылары мындан ары коркутуп-үркүтүү максатында бири-бирине курал колдонушпайт”

Кыргызстан менен Тажикстан мындан ары чек арада бири-бирин коркутуу үчүн курал колдонушпайт. Муну бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айтымында, 14-15-февралда Бишкекте өткөн эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жолугушуусунда эки багыт боюнча сүйлөшүү жүрдү.

“Биринчиси – 30-31-январда түзүлгөн протоколдун аткарылышын талкуулоо. Анда чек ара тилкесиндеги аскердик күчтөрдүн санын кыскартуу, эки өлкөнүн чек арачыларынын бири-бирине курал колдонуусун токтотуу. Аймакта чагымчыл аракеттер болсо, биргеликте иштөө маселеси камтылган. Ушул протоколдун аткарылышын карадык. Экинчиси – чек ара окуясы боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча маалымат алмашуу. Мындан ары чек арачылардын бири-бирине коркутуп-үркүтүү максатында курал колдонушун болтурбоо жыйынтыгына келдик”,- деди Токон Мамытов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан