Москвада кармалган Адил Тойгонбаев (Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевдин күйөө баласы) кайрадан бошотулду. Муну ММКларга анын жактоочусу Николай Полозов билдирди. «Менин кардарыма Орусиянын эч кандай дооматы жок»,- деп билдирди жактоочу. Тойгонбаев 15-февралда экинчи жолу кармалган эле. Ага чейин 10-февралда Москванын Шереметьево аэропортунан кармалып, бирок көп өтпөй бошотулган.