Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 20-февралда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жыйынында билдирди.
Канатбек Исаев бүгүн облустук администрациянын жамааты менен таанышты. Буга чейин аталган кызмат ордун Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри Кубанычбек Кулматов жетектеп келген.
Канатбек Исаев Жогорку Кеңеште “Республика” фракциясынан депутат болуп жүргөн. Ал 2012-жылы партиянын жана фракциянын катарынан чыгып, “Бирдиктүү ынтымак” депутаттык тобун түзүп, жетектеп келген.