Чуулгандуу аудиожазуунун каарманы Индира Исманкулова супер финал үчүн "пара талап кылуу" кандайча ишке ашканын
SUPER.KG порталына айтып берди.
"Дана Абдыбекова финалга 4 катышуучу чыкканыбыздан кийин мага байланышып, "Финал болду, эми дагы кандай пландарыӊыз бар?" деди. Мен "билбейм" деп жооп бердим. "Сиздин жаӊылышып калган учурларыӊыз да бар. Финалга чыкканыңыз үчүн ыраазычылык билдирүүлөр болобу?" деди. Аны ким чечерин сурасам, "Асыл Аппасова" деди. Ойлонуп калып, "билбейм, ойлонуштуруп көрөйүн" деп жооп бердим. Эртеси байланышты, "Тюбетейкага" бардык. Ошол жерден "30 миң доллар бересиз" деп айтты".
Индира Исманкулованын айтымында, 20 миӊ доллар деген чекке сүйлөшүүлөрдөн кийин токтолушкан. Ортодо дагы кандай сөздөр болгон, эӊ негизгиси, бул сүйлөшүү кандай жол менен жазылып, кандай максатта коомчулукка таратылды, бул тууралуу "Супер-Инфонун" жума күнү чыгуучу жаӊы санынан окуй аласыздар.