Кыргызстанда көмүргө болгон баа эми жогорулабайт

"Кыргызстанда көмүргө болгон баа эми жогорулабайт". Мындай билдирүүнү бүгүн "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директору Асанбек Молдокеев билдирди. Анын айтымында, учурда 1 тонна көмүрдүн баасы Бишкекте 5000 сом турат. "Кара-Кечеде көмүрдүн 1 тоннасы 1000 сом. Бирок жолго кетчү чыгымдарды эсепке алганда кымбат болот. Учурда Бишкек шаары толук көмүр менен камсыз болду. Акыркы күндөрү газ токтогондо көмүрдүн баасы кымбаттап кеткен. Эми кымбаттабайт" деди Асанбек Молдокеев. Ошондой эле ал кыргызстандыктарга жай айында эле көмүрдү арзан баада алдын ала сатып алууну сунуштады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан