Равшан Жээнбеков: "Эгер кыргыз тилди гана мамлекеттик тил кылууну коомчулук колдосо, мен да колдойм"

Бүгүн, 26-февралда Улуттук оппозициялык кыймылдын жетекчиси, ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков: “Эгер Кыргызстанда кыргыз тилди гана мамлекеттик тил кылууну коомчулук колдосо, мен каршы чыкпайм”,- деп журналисттерге билдирди.

“Кыргыз тилин гана КРнын мамлекеттик тили кылуу Улуттук оппозициялык кыймылдын эмес, менин жеке позициям”,- деди депутат.

Белгилей кетсек, ЖКнын көз карандысыз депутаты Равшан Жээнбеков "Фейсбукта" активисттер менен кыргыз тилди гана мамлекеттик тил кылуу боюнча талкууга катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан