Ырчы Анжелика жакында эле
"Жашасын сүйүү" аттуу ыр жаздырып, клибин да тарттырып бүттү. Жалпы чыгымы 1800 долларга бааланган клиби тууралуу ырчы айым super.kg`ге төмөнкүчө ой бөлүштү:
"Жакында эле жолдошум экөөбүз Шанхайга барып, бул ырыма клипти ошол жактан тартмакчы болгонбуз. Бирок тартылчу жерлердин баарын даярдап койсок, аба ырайы бузулуп, нөшөрлөп жаан жаап кирди. Анын эртеси Бишкекке учуп келмекпиз. Болор иш болду деп тартсак, кадрлары өзүмө анча жага берген жок. Бишкекке келгенден кийин клипмейкер Эрнист Сыдыков менен байланышсам, ал идея сунуштап, купулума толгон клипти тартып берди. Ошентип бул ырыма 2 клип тарттырдым. Кытайда тартылганын жаратпай, 2-вариантын иштеп чыктык. Кызыгы, клипти тартып жатканда Шанхайда да, Бишкекте да жаан жаап, романтикалуу көрүнүш жаралган. Клиптеги кар - быйыл жааган биринчи кар". Кошумчалай кетсек, ырдын сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону Эдил Маматовго таандык.