Депутаттар Эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрүнө Кыргызстандагы бюджеттик мекемелер нааразы экенин айтышты

ЖКнын 20-декабрдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев Эсептөө палатасынын коррупциялашып бүткөнүн билдирди. Анын айтымында, бул палатанын жетекчиси Эльмира Ибраимованы депутаттар ишеним артып шайлаганын айтып, ага төмөнкүдөй маалымат берди. "Мендеги маалыматтар боюнча, Кыргызстанда көптөгөн бюджеттик мекемелер сиздердин текшерүүлөргө нааразы. Анткени сиздердин текшерүүчүлөр барып эле,"бизге мынча миң сом бер, шефтин тапшырмасы ушундай" дейт экен. Бул чындык. Сиз болсо далил сурап, "ошол адамдардын фамилияларын бергиле" деп жатасыз. Эмне, бөлөк жактан Кыргызстанга жаңы келдиңизби? Ал фамилияларды кантип беребиз? Эртең анын тарпын чыгарасыңар да. Андан көрө жакшылап иштеңиз" деди. Бул ойду депутат Асия Сасыкбаева да колдоп, Эсептөө палатасы мындай иштерге реакция жасабай жатканын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан