Илья Лукаш: “Гейлерди колдоочу топ ачкан эмесмин, болгону "Фейсбуктагы" баракчамда алардын укуктарын коргоп келем”

Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин астында гейлерге каршы өткөн акцияда “активист-блоггер Илья Лукаш гейлерди, бисексуалдарды колдойт жана Кыргызстанга Украинадагы Майданды алып келет” деген сөздөр айтылган. Буга Илья Лукаш өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасында төмөнкүдөй жооп кайтарды: “Биринчиден, мени “интернетте ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансвеститтер) өкүлдөрүн колдогондордон топ түздү” деп күнөөлөп жатышат. Мен интернетте мындай топ ачкан эмесмин. Мен болгону "Фейсбуктагы" баракчамда ЛГБТнын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп келем”.

“Калыс” саясий кыймылынын “Илья Лукаш Украинадагы Майданды Кыргызстанга алып келет” деген сөзүнө “Мен Украинанын оппозициясы менен эч кандай байланышым жок, болгон да эмес” деп жооп берген.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин астында "Калыс" саясий кыймылы гомосексуалдардын пропагандасына каршы акциясын уюштурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан