Талас. Өрт кырсыгынан 1 адам каза болду

19-декабрда саат 23:25тер чамасында Талас шаардык №17-өрткө каршы кызматына Талас районунун Көк-Ой айылынын Сейдибалиев көчөсүнүн №47-үйүндө өрт чыкты деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Талас облустук өрттү алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Рыспеков билдирди. Өрт өчүрүүчүлөр барган кезде жергиликтүү жашоочулар “үйдүн ичинде бир киши болушу мүмкүн” деген маалымат берип, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында үйдөн 1972-жылы туулган А.Кынатовдун күйгөн денеси табылды. Каза болгон адамдын жанынан электр жылыткычы табылды. Иликтөөдө электр жылыткычын туура эмес колдонуудан улам өрт чыкканы белгилүү болду. Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон жаран ошол күнү мас абалында жүргөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан