"Орусия Кыргызстанга берген 25 миллион доллар өлчөмүндөгү грантын кайтарып алышы мүмкүн". Мындай пикирди бүгүн, 21-декабрда Каржы министри Ольга Лаврова айтты. "Эгер биз Орусия берген грантты эффективдүү колдонбосок, Орусия кайтарылгыс кылып берген грантын кайра алып алат. Биз Орусиянын алдында каражаттар кайда жумшалып жаткандыгы тууралуу маалымат берип турабыз. Учурда орусиялык грантты кайда жумшаш тууралуу сунуштарды чогултуп жатабыз",- деди Ольга Лаврова. Кошумчалай кетсек, Орусия өкмөтү Кыргызстанга бюджетти колдоо иретинде 25 миллион доллар кайтарылгыс грант бөлүп берген.