Крымдын статусу боюнча референдумду өлкө парламенти 16-мартка белгиледи. Муну бүгүн, 6-мартта Крым парламентинин депутаты Сергей Шувайников билдирди. Референдумга 2 маселе коюлат: Биринчиси – Крымдын Орусиянын аймагына кошулушу, экинчиси – Крымда 1992-жылдагы Конституцияга кайтып келүү менен Украинанын карамагында калышы.