Ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда транспорттун башка түрлөрү менен катар көбүнчө 30-40% өлчөмүндө ашыкча жүктүү болуп саналган жүк көтөрүү огу 13 тоннага жеткен жана оор жүктүү жана чоң көлөмдөгү автомобилдердин жүрүүсү жүзөгө ашырылат. Ал республиканын автомобиль жолдорун акырындык менен талкалап жана зыян алып келүү менен экономикалык терс кесепеттерге алып келерин тастыктайт.
Мисал катары Бишкек-Ош жолунун азыркы учурдагы абалы жана аны оңдоп-түзөөнүн мөөнөтү боюнча автомобиль жолдоруна жүк ташуучу транспорттук каражаттардын терс таасири келтирилген. Бул жол 2004-2006-жылдарда калыбына келтирилген жана бүгүнкү күндө бул жолдун бардык узундугунда кайрадан капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү талап кылынат. Ушунун натыйжасында жолдун курулушунун кызматы 5 жылга кыскарган, башкача айтканда, жолду оңдоп-түзөө мөөнөтү эсептелген 12 жылдын ордуна 7 жылды түздү.
Комитет сунушталган мыйзам долбоорду маанилүүлүгү боюнча салыштырмалуу мыйзам алдындагы ченемдик актыга ылайык келтирүүнү, ошондой эле мамлекеттик тилдеги мыйзам долбоорго редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүүгө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн сын-пикирин эске алууну сунуш кылат.
Ченемдик-укуктук актыларды жазуунун мыйзам чыгаруу техникасын сактоо максатында комитет мыйзам долбоордун 1-беренесинин экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылат: "26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын".
Ошого ылайык, мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат А.М.Маматалиев мыйзам долбоордун 1-беренесинин үчүнчү абзацы “тартиби” деген сөздөн кийин “транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча” деген сөздөр менен толукталсын деп сунуштады.