Экс-президент Роза Отунбаева Билл Клинтон менен жолукту

18-декабрь күнү экс-президент Роза Отунбаева Билл Клинтон менен жолукту. Бул тууралуу "Роза Отунбаевнын демилгеси" фондунун басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу жыл сайын АКШнын Литтл-Рок шаарында өткөрүлүүчү "Мадрид" клубунун конференциясынын алкагында болду. Жолугушууда эки тарап "Билл Клинтондун фонду" жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун кызматташуусу тууралуу сүйлөшүштү. Алардын катарында билим берүү жаатындагы долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу дагы бар. АКШнын экс-президенти Билл Клинтон Кыргызстан ВИЧ/СПИД оорусу тез жайылган өлкөлөрдүн катарына киргендигине байланыштуу аталган оору менен күрөшүү жаатында кызматташууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан