Азербайжандык акын Камал Абдулланын “Толук эмес кол жазма” чыгармасы кыргыз тилине которулду

Белгилүү азербайжандык акын жана прозаик Камал Абдулланын “Толук эмес кол жазма” (“Неполная рукопись”) чыгармасы кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунан билдиришти. 

Аны кыргыз тилине которууда Мукан Асаналиев жана Бектен Дыйканбай иш алып барышкан.  

Маалыматка ылайык, чыгармалары орус, англис, француз, немис, испан, казак жана башка тилдерге которулуп келген Камал Абдулланын аталган китеби бекер таратылат. Буга чейин “Толук эмес кол жазма” 2005-жылы француз тилинде жарык көргөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан