Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында гейлерге, бисексуалдарга каршы акция өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин алдында гейлерге, бисексуалдарга каршы акция өттү. Ага “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов баштаган 100дөн ашык жаштар катышышты. Анда “Кыргызстанда гомосексуализмди өспүрүмдөр арасында жайылтпоо жана пропагандалоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштелип чыксын”, “Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү текшерилсин” деген талаптар коюлду.

Ошондой эле акциянын катышуучулары депутат Өмүрбек Абдрахманов сыртка чыгып, айткан сөздөрү үчүн жооп беришин талап кылышты.

“Биринчи акциябыз 27-февралда АКШ элчилигинин алдында өткөн. Анда да ушул эле талаптар коюлган. Ошондо ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдрахманов бизди каралап “Майдан” гезитине интервью бериптир. Ал бизди куурчактарга, чөөлөргө салыштырып, "Орусиядан акча алып жатышат" деп айыптаптыр”, - деди Жеңиш Молдокматов.

Жаштардын алдына ЖК депутаттарынын бири да чыккан жок. Акциянын катышуучулары бир жуманын аралыгында дагы бир чоң акция уюштуруларын эскертишип, тарап кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан