Кыргызстанда өспүрүм балдарга байланыштуу “Камкордук” аттуу рейд жүрүп жатат

Кыргызстанда 11-марттан 13-мартка чейин Ички иштер министрлиги тарабынан өспүрүм балдар боюнча “Камкордук” аттуу рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

Иш-чаранын максаты – өспүрүмдөрдүн спирт ичимдигине, баңгизатка берилүүсүн жана алар жасай турган кылмыштардын алдын алуу. Рейддерге укук коргоочулар менен биргеликте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ММКлар жана мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери катышат.

“Өспүрүмдөр менен жеке сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Эгер кимдир бирөөсүнүн абалы өтө оор болсо, ал кризистик борборго, жатак-үйгө же балдар үйүнө тапшырылат”,- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан