Жогорку Кеңештин чыгашалары 158 миллион сомго кыскарды

31-октябрь күнү ЖКнын регламенти боюнча комитеттин төрагасы Курмантай Абдиев жана Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Токон Мамытов маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттерге парламенттин чыгымдары тууралуу маалымат беришти. Депутат Токон Мамытов 2012-жылдын бюджетинин долбоору боюнча суралган 900 миллион сомдон 731 миллион сому гана калтырылгандыгын белгиледи. Анын жыйынтыгында парламент тарабынан 158 миллион сом бюджеттик каражат үнөмдөлгөн. Мындай үнөм, негизинен, Жогорку Кеңештин Аппараты менен Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 1173төн 1031ге кыскартуудан улам болгон. 2012-жылдагы чыгымдардын кыскарышына токтолгон Т.Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5 кеңешчиси менен 5 кызматтык автоунаасынан (айдоочусу менен кошо) баш тартып, төраганын резервдик фондун 15 миллион сомго кыскарткандыгын баса белгиледи. Муну менен Жогорку Кеңештин төрагасынын чыгымдары 2012-жылы дээрлик 22,5 миллион сомго кыскартылган.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан