Орозбеков айыл аймагындагы Сайдилла Тешеев атындагы орто мектептин курулушу 25 жылдан бери бүтпөй келет

Кадамжай районуна караштуу Абдыкадыр Орозбеков айыл аймагындагы Сайдилла Тешеев атындагы орто мектептин курулушу 25 жылдан бери бүтпөй келет. Бул тууралуу аталган мектептин директору Сиражидин Калматов бүгүн, 18-мартта журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Бул мектептин курулушу 1989-жылы башталган. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштери бүтө элек. Буга акча каражатынын тартыштыгы себеп болгон. 2009-жылы кайрадан куруу иштери башталган. Анда бүтпөй калган мектепти куруу ишин “Памир жол” ишканасы колго алган. Бирок бөлүнгөн акча башка максаттарга жумшалып кеткен. Бул боюнча прокуратурага кайрылганбыз. 2013-жылдын апрель айында курулуш иштери толук токтогон. Быйыл февраль айында кайрадан башталды”,- деди Сиражидин Калматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kymyzkyz
2014-03-18 13:32:45
Жегичтердин айынан эч онукпой келебиз да. Бир деме курулуп баштаса биздин жегич чондорубуз суйунуп оп-паа деп алакан чаап баштаса керек.
0
Мэри
2014-03-18 13:37:35
25 жылдан бери эле бүтпөй жатса, курулгандан кийин канча жыл кызмат кылат? Курулуп бүткүчө эле курулуш каражаттары кайра эскирип, мөөнөтү бүтүп калат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан