Жаңы коалицияга кайсы фракциялар кириши мүмкүн?

18-мартта парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт Жогорку Кеңештин жана элдин ишенимин актай албаганын айтып, парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн курамынан чыкты. Бул чечимден кийин, 19-мартта президент Алмазбек Атамбаев жарлык чыгарып, өкмөттү расмий түрдө отставкага кетирди. Буга чейин көпчүлүк коалициянын курамында “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары болгон. "Жаңы түзүлө турган коалицияга кайсы фракциялар кирип, өкмөттү курашы мүмкүн?" деген суроо көпчүлүктү кызыктырып турган учур.

Туратбек Мадылбеков, ЖКнын депутаты ("Ата Мекен"):

- Жогорку Кеңеште “революциячыл” партиялардан “Ата Мекен” менен КСДП гана бар. Мурунку коалициялар тараганда президент эки жолу жаңы коалиция түзүү укугун КСДПга берди. Мунусунда “Ата Мекенге” берсе туура жана калыстык болмок. Ал эми жаңы коалицияга кайсы фракциялардын кирери сүйлөшүүлөргө жараша болот. Белгилеп койчу нерсе, бул жолку өкмөттүн программасы болушу керек, Жантөрө Сатыбалдиевде программа болгон эмес.

Мавлян Аскарбеков, жаш активист

- Өкмөт отставкага кетип, жеке кызыкчылыктардын күрөшү башталды. Саясатчылар түрдүү мезгилдерде ар кандай формада өкмөт түзүп, иштеп көрүшкөн. Өлкөдө саясий туруктуулук орногон жок. Андыктан жаңы коалициянын курамына кайсы партиялар кирсе да, эч кандай өзгөрүү, жылыш болбойт. Коалиция баягы эле КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” фракциясы жана эркин депутаттардан куралат. Министрлик жана башка кызмат орундары сунушталып, достук, тууганчылык менен чечилет. Ал эми “Ата Мекен” оппозицияга кетет.

Расул Умбеталиев, серепчи: 

Чындыгында, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт бир топ кемчиликтерди кетирип койду. Ага “Кумтөр” маселеси, Азиз Батукаевдин бошотулушу жана Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишиндеги катачылыктар аныкталды. Мындан сырткары өлкөдө азык-түлүктүн кымбатташы да себеп болгонун айтышууда. Жаңы коалиция мурункудай курамда эле калат деп ойлойм. 3-4 партиядан: КСДП, “Ар-намыс” жана “Ата Мекенден” куралып, алардын катарына “Республика” фракциясы кошулушу мүмкүн.

 

Токтогул Какчекеев, серепчи: 

- "Ата Мекен" фракциясы көпчүлүк коалициядан чыккандан кийин анын ордуна "Республика" фракциясы келет. "Ата Мекендин" коалициядан чыгышы кокустук эмес, күтүлгөн окуя. Булардын мындай кадамга барышына Ош жана Жалал-Абад шаарларын кабылына келтирүү дирекциясынын кетирген катасы чоң шылтоо болду. Эми Өмүрбек Текебаев оппозицияга өтөт. Андан кийин жаңы курамдагы өкмөттү түзөрдө "биз азчылыкпыз, оппозициядабыз, премьер-министрликке өзүбүздүн талапкерди сунуштайбыз" деп чыгат. "Республика" фракциясы көпчүлүк коалицияга кирип, Өмүрбек Бабановду алып келет.

 

 

 

Равшан Жээнбеков, "Демократтар" депутаттык тобунун мүчөсү

- Кыргызстандын жаңы премьер-министри Жоомарт Оторбаев болору эчак эле чечилген. Себеби бул маселе алдын ала пландалган. Ушул план боюнча жаңы түзүлүүчү коалициялык көпчүлүк ошол эле бойдон калат. Бирок “Республика” фракциясы да аларга кошула калышы мүмкүн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан