Жылнаама. 21-Март - Эл аралык Нооруз майрамы

21-Март – Нооруз майрамы. Нооруз - жаңыруу менен тазаруу, ынтымактын мааракеси.

"Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Совет бийлигинин учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен. 

* 99 жыл мурун, 1915-жылы кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган. Кыргыз элинин алгачкы жазгыч акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолой жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган. Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш ленинчил" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери", "Ата Журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымдары бар. Чоң котормочу экенин да көрсөттү. Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" жана башка авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон. Бир нече драмаларды жараткан. Кийин Алыкул Осмоновдун көптөгөн ырларына обондор жаралды. Улуу акын Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган. 

* 9 жыл мурун, тактап айтканда, 2005-жылы парламенттик шайлоодон улам Кыргызстанда саясий кырдаал курчуп, ал эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан. Бул боюнча Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы кырдаалга кабатырланганын билдирип, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү сүйлөшүү жолу менен чечилип, бир тараптан экинчиге каршы күч колдонулбашына ишеним арткандыгын билдирген.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Кофи Аннан президент Аскар Акаевдин оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенгенин колдой тургандыгын баса белгилеген.

 

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан